Панфилов Дмитрий Иванович

Википедия дан

Панфилов Дмитрий Иванович [15.10. 1912, Россия империясы, Урал облусу (азыркы Батыш Казакстан облусу, Бөрүлүү району, Бөрүлү кыштагы) – 10. 12. 1985, СССР, Өзбек ССРи, Фергана шаары] - Советтер Союзунун Баатыры (1945), лейтенант. 1929-ж. үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келип, Жалал-Абад облусунда керек-жарак союзунда айдоочу болуп иштеген. 1935-37-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка 1941-ж. 24-июндан катышкан. 1944-ж. Саратовдогу танк окуу жайын бүтүргөн. Батыш, Калинин жана 2-Украин фронтторунда танк взводунун командири. 1944-ж. 21-августта Чиорбешти (Румыния) кыштагынын жанынан душмандын 120 офицер-солдаттарын жана 3 танкасын жок кылган. 25-августта Хуши шаарына жакын жерде курчоода калып, душмандын 3 жолку чабуулунун мизин кайтарган. 1946-жылдан запаска чыгып, Жалал-Абад шаарындагы электрприборлор заводунда иштеп, пенсияга чыккан. Ленин, Кызыл Жылдыз, 1-, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]