Папалекси, Николай Дмитриевич

Википедия дан

Папалекси Николай Дмитриевич [20. 11(2. 12). 1880, Симферополь — 3. 1947, Москва] — советтик физик.

СССР ИАнын академиги (1939; корр. мүчө, 1931). Страсбург университетин бүтүп (1904), ошол университетте иштеген. 1914-жылдан Россияда зымсыз телеграфтоо жана телефондоштуруунун орус коомунун консуль­танты. Одесса политех, институтун уюштуруучулардан (1920-ж. негизделген; 1922-жылдан анын проф). 1923—35-ж. Ленинградда, 1935-жылдан СССР ИАда иштеген. СССР ИАга караштуу радиофиз. жана радиотехника боюнча Бүткүл союздук илимий советтин председатели. 1914— 16-ж. радиотелеграф, суу асты кайык менен радио байланыш, телебашкаруу боюнча тажрыйба жүргүзгөн. Радио лампанын ата мекендик үлгүсүн түзүүнүн жетекчиси болгон. Сызыксыз термелүүнүи теориясын, электр термелүүнү козголтуу методун, 1938-ж. аралыкты ченөөнүн радио интерференциялык методун иштеп чыгууга катышкан. СССР мамлекеттик сыйлык (1942) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.