Папанин Иван Дмитриевич

Википедия дан

Папанин Иван Дмитриевич [14 (26). 11. 1894, Россия империясы, Севастополь шаары – 30. 01. 1986, СССР, Москва шаары] – Арктика изилдөөчү, географиялык илимдеринин доктору (1938), контрадмирал (1943). Советтер Союзунун Баатыры (1937, 1940). 1932-жылдан Арктика, 1937–38-жылдары Борбордук Арктикадагы жылып жүрүүчү «Түндүк Уюл» («СП-1») илимий станцияларын жетектеген. 1939–46-жылдары Башкы Түндүк деңизжолунун, 1951-жылдан СССР Илимдер Академиясындагы дениз экспедициялар бөлүмүнүн башчысы, 1952–72-жылдары СССР Илимдер Академиясындагы Ички суулардын биологиясы институтунун директору болгон. СССР Жогорку Советине депутат (1–2-шайланышына). Тогуз Ленин, 2 Кызыл Туу, 2 Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, 1-даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Нахимов, Эл Достугу) ордендери жана медалдар менен сыйланган. Анын ысмы менен Таймыр жарым аралындагы тумшук, Антарктидадагы тоолор, Тынч океандын түбүндөгү кырка тоо, Сиваш булунундагы арал (Азов деңизинде), Ички суулар биологиясы институту, бир нече шаарда (Мурманск, Севастополь ж. б.) көчө аталган. Музейлери ачылып, Севастополь (1954) жана Мурманск (2003) шаарында эстелик тургузулган. Эмг.: Жизнь на льдине. Дневник. М., 1972; Лёд и пламень. М., 1977.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]