Папан суу сактагычы

Википедия дан

Папан суу сактагычы - Ош облусунун Кара-Суу районун аймагында.

Каптар капчыгайында, Акбуура суусунун нугуна курулган. Ош шаарынан 16 км аралыкта. Көп жылдык суу агымын жөнгө салат. Сугатка пайдаланылат. 1983-ж. ишке киргизилген. Уз. 8,5 км, эң жазы жери 1,6 км, эң терең жери 100 м, суу толгондогу аянты 7,1 км2, көлөмү 260 млн м3. Плотинасынын уз. 107 м, туурасы 20 м, бийиктиги 100 м. Андагы топтолгон суу 39,6 миң га жерди сугарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2