Папилломатоз

Википедия дан

Папилломатоз (Papillomatosis) – малдын вирустуу ыланы. Атайын ДНКлуу вирустар козгойт. Көбүнчө мүйүздүү ири мал, жылкы, ит жана коёндор, чанда эчки, кой жана жапайы жаныбарлар жабыркайт. Инфекциянын булагы – ылаңдуу мал. Дени таза малга менен ыландуусун чогуу бакканда жугат. Ылан өнөкөткө өтөт. Адегенде шуру сымал папиллома жалгыздан чыгып, бара-бара ал чоңоё баштайт. Ал томпоктун үстү кургак, мүйүздөнгөн болот, жарылып кетет (сөөл сымал), канайт, жараланат. Клиникалык жана лабор. изилдөөнүн негизинде диагноз коюлуп, хирургиялык жол менен дарыланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]