Папирология

Википедия дан

Папирология (папирус жана ...логия) – тарыхый-филологиялык илимдин атайын тармагы; палео-графиянын бир бутагы.

Папирологиянын милдетине: грек, латын, кийинки (эллин, рим, Византия доору) демот, копт папирустарын, ошондой эле чопо жана тактайдагы жазууларды гана окуу, маанисин түшүндүрүү жана басып чыгаруу кирет. Иерат, алгачкы демот, байыркы еврей, арамей сыяктуу папирустарды египет таануу, семитология изилдейт. Папирология папирустарды мезгили, орду, мааниси боюнча изилдеп, классификациялайт.

Алгачкы грек папирус жазмалары 1752-жылы Геркуланумда (Италия) жана 1778-жылы Египетте табылган. Файюмдагы (Египет) массалык табылгалардан (1877-1778) кийин папирология өзүнчө илим катары өнүгө баштаган.

Англиялык окумуштуу Ф. Кенион Египеттен табылган Аристотелдин «Афины политиясын» 1891-жылы жарыялаган. 90-жылдары көп нускада чыгарган. Кийин бул тармакка кызыгуу артып, атайын журналдар чыга баштаган. Папирусту изилдөө жана сактоо боюнча негизги борборлор: Египет, Британии, Берлин, Париж, Флоренция музейлери, АКШдагы Колумбия жана Мичиган университеттери, Россиядагы Мамлекеттик Эрмитаж, M. Е. Салтыков -Щедрин атындагы к итепкана, Грузия ИАнын кол жазмалар интитуту ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9