Папуастар

Википедия дан
Папуастар (китептин мукабасында)

Папуастар – Жаңы Гвинея аралында жана Индонезиянын айрым райондорундагы байыркы калк; Папуа-Жаңы Гвинея мамлекетинин негизги эли. Антропол. жактан меланезиялыктарга жакын, бирок тилдери боюнча алардан айырмаланат. Папуас тилдеринде сүйлөшөт. Диний ишенимдеринин негизги элементтери - магия, тотемизм жана арбактарга сыйынуу. 19-кылымдын аягында миссионерлердин таасиринде христиан дини тараган. Негизги кесиби - дыйканчылык, аңчылык, балыкчылык, жыйноочулук жана чочко багуу. Азыркы мезгилде Папуастардын көпчүлүгү тоо өнөр-жайында, ошондой эле сатуучу жана айдоочу болуп эмгектенишет. Ишкерлер жана фермерлер катмары жаңыдан калыптанууда. Дыйканчылык жакшы өнүгүп, үй-бүлөлөрдүн 5-6дан жер ээликтери болгон. Папуастардын эркектери кара же кызыл түстөгү бел курчоо тагынып, кооздуктарды колдонушат. Негизинен өсүмдүктөрдү, ошондой эле чочко, ит этин, коңуз, кескелдирик, моллюск, балыкты тамак-ашка пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]