Папуас тилдери

Википедия дан

Папуас тилдериавстронезия же малайяполинезия тил уясына кирбеген тил топторунун жана обочолонмо тилдердин шарттуу аталышы. Жаңы Гвинеяга, Бисмарк архипелагына, Соломон аралына тараган. Папуас тилдерине 750дөн 1000ге чейин тил кирет деп болжолдонгон. Алардын тектик байланышы жөнүндө да маалымат жок. Бардыгы жазмасыз. Папуас тилдери үнсүз тыбыштар системасына бай; сөз өзгөртүү системасы татаал. Папуас тилдеринин кээ бирлери гана папуас элинин улут аралык тили катары колдонулат. Папуас тилдерин изилдөөгө Н. Н. Миклухо-Маклай негиз салган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]