Парабола

Википедия дан

Парабола (грекче parabole – салыштыруу) – 2-тартиптеги, тегерек конустун бир түзүүчүсүн параллель тегиздик менен кескенде пайда болгон туюк эмес ийри сызык. Параболаны берилген F чекитинен (фокус) жана DjD2 түз сызыгынан (директриса) бирдей аралыкта жайгашкан чекиттердин геом. орду катары да карашат. Директрисага перпендикуляр болгон фокус аркылуу өтүүчү жана директрисадан фокусту карай багытталган түз сызык Параболанын огу деп, ал эми октун Парабола менен кесилиш чекити Параболанын чокусу деп аталат. Эгер хОу координата системасын сүрөттө көрсөтүлгөндөй тандап алсак, анда Параболанын теңдемеси төмөнкүдөй болот: у2=2рх, мында p=20F. Квадраттык үч мүчөнүн графиги у=ах2+Ьх+с Парабола болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]