Парагвайлыктар

Википедия дан

Парагвайлыктар (өздөрүн парагуайос деп аташат) – Парагвайдын негизги калкын түзгөн эл. Аргентина жана Бразилияда да жашашат. Жалпы саны 6,5 млн киши, анын ичинде 6 млну – Парагвайда (2011). Гуарани жана испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – католиктер. Парагвайлыктар негизинен 17–18-кылымдарда гуарани индейлери менен испан баскынчыларынын укум-тукумдары, аз бөлүгү негрлердин аралашуусунан келип чыккан. Антропол. жактан аргындар. Парагвайлыктар испан баскынчыларына каршы күрөшүүдө улут болуп калыптанып, көз каранды эмес мамлекет түзүлгөн (1811). 1864–70-жылдары Аргентина, Бразилия жана Уругвай менен болгон согушта Парагвай талкаланып, жергиликтүү элдин саны (өзгөчө эркектер) азайган. 1870-жылдан кийин Европа иммиграциясын кеңейтүү чаралары кабыл алынган. Парагвайлыктар мал чарбачылык, дыйканчылык жана токой чарбасы менен кесиптенишет. Негизги тамак-ашы – жүгөрү, боб, маниок. Суусундук катары парагвай чайын (мате) колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]