Парадигматика
Көрүнүш
Парадигматика – 1) тил илиминин тилдеги парадигмалык бирикмелерди жана алардын түзүлүш принциптерин изилдөөчү бөлүмү, тилди изилдөөнүн эки аспектисинин бири, синтагматиканын карама-каршысы. Ал тилдин бири бирине карама-каршы турган (ошондой эле бири тандалууга тийиш болгон) элементтерин жана элементтердин клаестарын изилдейт; 2) ар түрдүү типтеги парадигмалардын түзүлүшү, структурасы жана классификациясы, ошондой эле алардын татаал бирикмелерге биригиши жөнүндө окуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9