Парадигматика (лингвистика)

Википедия дан

Парадигматика (лингвистика)

  • 1) элементтердин же тил бирдиктеринин мамилелеринин эки тибин бөлүп алуу жана карама-каршы коюу аркылуу тилди системалуу изилдөөнүн эки аспектисинин бири; тил жөнүндөгү илимдин парадигматикалык мамилелерин, классификацияларын, алардын кыймылга келүү областтарын аныктоочу бөлүмү, каралып жаткан мамилелери жана аларды группаларга бөлүштүрүү тиби боюнча синтагматикага карама-каршы коюлат.
  • 2) Кең мааниде лингвистикалык класстардын жыйындысы катары каралган тил системасы.

Парадигматика терминин азыркы лингвистика илиминдеги айрым изилдөөлөрдө эки мааниде колдонуу да учурайт:

  • 1) белгилүү бир деңгээлдеги бирдиктерди байланыштыруучу парадигматикалык мамилелердин системасы же мындай мамилелердин жыйындысы катары каралат. Мисалы, лексикалык Парадигматика тилдеги бир лексемалардын экинчи бир лексемалар менен болгон парадигматикалык мамилелерин изилдеген лексикологиянын бир тармагы, алардын карама-каршы (антонимия) болуу касиеттерин же болбосо, анын тескерисинче, алардын карым-катышын, байланышын, окшоштугун (синонимия) изилдейт.
  • 2) парадигмалардын системасын же өзүнчө жеке алынган тилдеги алардын жыйындысын карап, белгилүү бир деңгээлдеги бирдиктердин биримдигин карайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4