Парадигма (лингвистика)

Википедия дан

Парадигма (лингвистика) - (грек, paradeigma - үлгү, мисал) –

  • 1) кеңири мааниде - бир эле учурда бири-бирине карама-каршы коюлуп, ошол эле учурда кайсы бир жалпы белгилерге ээ же бирдей ассоциацияны пайда кылуучу, көбүнчө парадигматикалык карым-катышта турган тил бирдиктеринин жыйындысы;
  • 2) мындай класстын же биримдиктин модели жана схемасы;
  • 3) тар мааниде - морфологиялык парадигма термининин синоними (бир сөздүн формаларынын системасы)

Каралып жаткан бирдиктердин кайсы деңгээлге тиешелүү экендигине карай морфологиялык Парадигма, синтаксистик Парадигма лексикалык Парадигма жана сөз жасоонун Парадигма деп бөлүнөт. Принцибинде, бир эле Парадигмага бир объектиге же кубулушка: мааниге, кырдаалга, сөзгө, сөз тобуна туура келген тил бирдиктери бириктирилет.

Морфологиялык Парадигма грамматикалык категориялардын (род, сан, жөндөмө ж.б.) реализацияланышын, лексемалардын бардык грамматикалык өзгөрүүлөрүнүн жалпылык идеясын көрсөтүп инварианттуу (уңгу, негиз) белгини алып жүрүүсү менен мүнөздөлөт.

Лексикалык Парадигма түшүнүгү ар түрдүүчө түшүндүрүлөт. Көпчүлүгү семантикалык жалпылыкка ээ болгон, грамматикалык жактан бир бүтүндүккө бириккен сөздөрдүн биримдиги катары кабыл алышат. Бир лексикалык Парадигма сөздүн маанисинин жалпы семантикалык белгилеринен гана эмес, айырмалоочу белгилеринен да байкалат.

Азыркы тил илиминде сөз жасоонун Парадигма деген түшүнүк кеңири жайылган. Сөз жасоонун Парадигмде деривациянын тигил же бул деңгээлинде түзүлгөн бир уңгулуу түзүлүштөрдү белгилешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4