Паразитология

Википедия дан
Anilocra gigantea.

Паразитология (грек. parasitos – мите жана ...логия) – мителикти, б. а. мите менен ээсинин ортосундагы өз ара байланышты, митенин сырткы чөйрө факторлоруна көз карандылыгын, ошондой эле кишиде, жаныбарда жана өсүмдүктө мите пайда кылган оору, ылаң, илдеттерди жана аларга каршы күрөшүү жолдорун изилдөөчү биол. илим. Мителердин мителөөчү объектисине жараша медициналык (адамдын мителерин изилдөөчү), ветериардык (малдын мителерин изилдөөчү) жана агрономиялык же фитопаразитология (өсүмдүк мителерин изилдөөчү) болуп айырмаланат. Паразитологиянын өнүгүшүнө орус окумуштуулары К. А. Рудольф, Р. Лейкарт, Н. А. Холодовскийлердин эмгектеринин ролу чоң. Ошондой эле советтик окумуштуулар Е. Н. Павловский (трансмиссиялуу оору же ылаңдын табигый очогу жөнүндөгү окууну иштеп чыккан), К. И. Скрябин (Кыргызстанда гельминтология илимин негиздеген), В. А. Догель, жана В. Н. Беклемишевдердин салымы да чоң. Жалпы Паразитологияда мителерди изилдеп, аларды системага келтирүү, митечиликтин жалпы закон ченемдүүлүгүн изилдөө иштери жүргүзүлөт. Кийинки мезгилде экологиялык Паразитологиянын өнүгүшү популяциялык Паразитологияны пайда кылды. Популяциялык Паразитология мите менен анын ээсинин ортосундагы байланыштарды популяциялык деңгээлде изилдейт. Паразитологиянын жетишкендиктери митеге каршы биол. ж. б. ыкмаларды иштеп чыгууда, адамдын ден соолугун коргоодо, өсүмдүк илдетинен жана жаныбарлардын ыландарынан сактоодо жана биологиянын ар кандай маселелерин чечүүдө пайдаланылат. Паразитология зоология жана ботаника илимдери менен тыгыз байланышта. Кыргызстанда Паразитология боюнча изилдөөлөр Улуттук Илимдер Академиясынын илимий изилдөө институттарынын лабораторияларында жана Жогорку окуу жайларынын кафедраларында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]