Паралингвистика

Википедия дан

Паралингвистика – тил илиминин сөздү (речти) коштоочу (бирок тилге тиешеси жок) тыбыш каражаттарын (үндүн бийиктик даражасын, паузалардын бөлүнүшүн) изилдөөчү бир бөлүмү. Паралингвистика түшүнүгүн илимге 20-кылымдын 40-жылдары америкалык лингвист А. Хилл кийирсе да, советтик илимде ал 30-жылдары эле изилдөөнүн объектиси болуп калган. Кең мааниде – Паралингвистика пикир алышуудагы ымдоо-жамдоо өзгөчөлүктөрүн да изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]