Парамагнетик

Википедия дан

Парамагнетик – сырткы магнит талаасында анын багыты боюнча магниттелүүчү зат. Парамагнетиктин атомдору өздүк магниттик учурларга ээ, бирок бул учурлардын мейкиндиктеги багыттары баш аламан болгондуктан, Парамагнетик ферромагнетик сыяктуу магниттик түзүлүшкө ээ болбойт. Парамагнетиктин атомдорунун (иондорунун) магниттик учурлары сырткы магнит талаасынын аракети астында талаанын багыты боюнча багытталып, I магниттелишке ээ болот. Парамагнетиктин магниттик кабыл алуучулугу х=1/Н дайым он болот. Мында Н - талаанын чыналышы. Металлдар, жегич металлдардын буулары, газ молекулалары, аз сандагы органикалык молекулалар жана комплекстик бирикмелер Парамагнетик касиетке ээ. Парамагнетиктер Кюри жана Неел температураларынан жогорку температурада ферро, ферри-, антиферромагнетик болушат. Парамагнетик өтө төмөнкү температураны алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]