Параметрит

Википедия дан
Параметрит

Параметритжатын айланасындагы клетчатканын сезгениши.

Пайда болуу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аборт жана төрөт мезгилинде жыныс органы жабыркаганда, ошондой эле сезгенүү процессинде пайда болот. Бул учурда жатын тегерегиндеги клетчаткага, көтөн чучукка, табарсыкка оору козгоочу микробдор түшүп, параметритти пайда кылат.
Мында дене ысып, ичтин төмөн жагы ооруйт. Параметрит катуу кармаган учурда врачтын жардамы менен убагында дарыланбаса пайда болгон ириң (ириңдүү параметрит) жанаша жаткан орган жана ткандарга тарайт, ал тургай канга өтөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуу төшөккө жатып, врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарууга тийиш. Дарылоодо антибиотик, сезгенүүгө каршы дарылар, физиотерапия жана башка лар колдонулат. Алдын алуу үчүн төрөт жана аборт учурунда инфекциянын жугушуна, абортту үйдө жасатууга жол бербөө керек. Эгер бойдон түшүрүүгө туура келсе аялдар консультациясына кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8