Параметрон

Википедия дан

Параметрон (грекче parametron – ченөөчү) – автоматиканын жана эсептөө техникасынын элементи. Анын иштөө принциби электр термелүүнүн параметрдик дүүлүгүүсүнүн жана күчөшүнүн өзгөчөлүктөрүнө негизделген. Жөнөкөй Параметрон термелүү контуру түрүндө болот. Параметрон эске тутуучу түзүлүштүн логикалык элементи же уячасы катары 1954-ж. Э. Гото (Япония) тарабынан патенттелген. Параметрондун негизинде ЭЭМдин эсептегичтери, регистрлери, сумматорлору, эске тутуучу түзүлүштөрү жана башкаруу системасы түзүлгөн. 1954-жылдан 1960-жылдардын башына чейин компьютерлерде колдонулуп, кийин транзистор менен алмашылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]