Парамо

Википедия дан

Парамо, пaрамос (испанча paramo – талаа, ээн жер) – төмөнкү кеңдиктеги тоолордо 3000- 4900 м бийиктикте таралган шалбаа. Негизинен Анд тоолорунун экватордук бөлүгүнө мүнөздүү болуп, кар чеги менен ийри-буйру өскөн токой алкагынын аралыгын ээлейт. Анда кургакчылыкка чыдамдуу (ксероморфтуу) дан өсүмдүктөрү (ак кылкан, кызыл от ж. б.), жер жаздыктар жана бирин-серин кидик дарактар өсөт. Пaрамо сыяктуу ландшафтар ошондой эле Борбордук Американын жана Африканын бийик чокуларында да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]