Парана платосу

Википедия дан

Парана платосу — Бразилия бөксө тоосунун түштүгүндөгү лавалуу плато, Бразилияда. Негизинен калындыгы 250–1025 м болгон лава катмарынан турат. Орточо бийиктиги 400–600 м; түштүгү менен чыгышынан Серра-Жерал урчугу жана Ботукату куэстасы менен чектешет. Аралаш дайыма жашыл токой (анын ичинде араукария), түштүгүндө саванна басымдуу. Мал асыралат; дан өсүмдүктөрү, жүзүм, тамеки ж. б. өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]