Параолимпиялык оюндар

Википедия дан

Параолимпиялык оюндар – майыптар катышуучу олимпиялык оюндар. Спорттун отузга жакын түрү (футбол, оор атлетика, сууда сүзүү, лыжа ж. б.) боюнча мелдеш өткөрүлөт. Параолимпиялык оюндар 1960-жылдан спорттун жайкы, 1976-жылдан кышкы түрлөрү боюнча ар бир төрт жылда олимпия оюндарына чейин же ал бүткөндөн кийин өткөрүлөт. Кыргыз Республикасында 1992-ж. Параолимпиялык оюндар федерациясы (ИСФ) түзүлгөн. ИСФ спорттун 5 түрү (оор атлетика, теннис, сууда сүзүү, жеңил атлетика, сокурлар үчүн кол топ оюну) боюнча иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген чебери A. В. Качалов СССРдин, КМШнын төрт чемпионун (Б. Бакчиев, Р. Өмүрбеков, Э. Гисов, С. Логачев) даярдаган. Кыргыз Республикасынын спортчулары 1996-ж. Атлантада, 2000-ж. Сиднейде, 2004-ж. Афиныда, 2008-ж. Пекинде, 2012- Лондондо өткөн Параолимпиялык оюндарга катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]