Парапроктит

Википедия дан

Парапроктиткөтөн чучуктун айланасындагы клетчатканын сезгениши менен мүнөздөлгөн оору.

Пайда болуу себеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал көбүнчө сезгенген көтөн чучуктун былжыр челинен ириңдеткич микробдор клетчаткага киришинен пайда болот. Көбүнчө парапроктит геморрой менен жабыркаган эркек кишилерде кездешет.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Катуу кармаган жана
  • өнөкөт парапроктит болуп бөлүнөт.

Катуу кармаган парапроктит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган парапроктитте клетчаткада ириң толуп, абсцесс же флегмона пайда болот. Катуу кармаган тери астындагы парапроктит анча коркунучсуз. Анда арткы тешиктин айланасы кызарып, өзгөчө заңдаганда катуу ооруйт; басып жүрүүгө тоскоолдук кылат. Парапроктиттин терең түрүндө көтөн чучуктун тушу сыздап ооруйт, анын катууланып же ириңдеп кетишин врач гана көтөн чучук аркылуу изилдеп билет. Оорулуунун жалпы абалы начарлап, эти ысыйт, тамыры тез-тез кагат, башы ооруйт, тамакка табити тартпайт. Врачка кеч кайрылууда өмүргө коркунучтуу сепсиске алып келиши мүмкүн. Ириңдеген жер 3—5 — 8-күнү көтөн чучукка же чаткаякка, же эки жакка тең жарылып, тешик пайда болот.

Парапроктиттеги ириңдүү көңдөйлөрдүн жана алардан кеткен жылчыктардын жайгашуу схе- масы. 1— сырткы; 2— терең жайгашкан ириңдүү көңдөйлөр. Сүрөттүн ортосунда — көтөн чучук, анын четиңде жамбаш чарасынын сөөктөрү жана булчуңдары жара кесилген.

Өнөкөт түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарылгандан тартып парапроктит өнөкөт түрүнө айланат. Ал көп жылдар бою созулушу мүмкүн. Ириң чыккан тешик айыгып, сезгенүү күчөгөндө кайрадан ачылып турат. Тери астындагы парапроктит өзүнчө айыгышы мүмкүн, башка учурда операция жасалат. Туберкулёздук парапроктитте башынан эле сезгенүүнүн белгилери көп билинбейт, бирок ириң чыккан тешиктер көп убакыт бою айыкпайт, ал үчүн операциядан тышкары атайын туберкулёзго каршы дарылоо жүргүзүлөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган жана өнөкөт парапроктит менен ооругандар ооруканага жаткырылат. Парапроктитти алдын алууда проктит, геморрой, арткы тешиктин жарыктарын өз убактысында дарылоонун мааниси чоң. Катуу кармаган парапроктиттин өнөкөт түрүнө өтүшүн алдын алуу үчүн ириң толгон жердин өзү жарылганын күтпөй дарыгерге кайрылып операция жолу менен жардыруу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8