Мазмунга өтүү

Парапсихология

Википедия дан
Зенердин карталары

Парапсихология — изилдөөлөрдүн өзүнчө тармагы.

  1. сезим органдар түшүндүрө албаган маалымат кабыл алуу жолун камсыз кылуучу сезимдүүлүк формасын;
  2. тирүү жандардын организмден тышкары фи­зикалык кубулуштарга булчуң аракетинин жардамысыз (кыялында, оюнда таасир этүү жана башка) тийиштүү таасир берүү формасын изилдейт.

«Парапсихология» түшүнүгү менен катар «психотроника», «биоинформация», «биоинтро­скопия» жана башка түшүнүктөр да колдонулат.

Азыркы парапсихологдордун көбү сезимдүүлүктүн формаларынын төмөнкү типтерин бөлөт;

  • телепатия — кабарлоочу менен кабар алуучунун (ин­дуктор менен реципиенттин) кыял менен байланышы;
  • көзү ачыктык — тышкы дүйнөнүн объективдүү окуяларыж-дө сезим органдарынын ишине жана акыл эстин ой жүгүртүүлөрүнө негизделбеген билим алуу;
  • алдын ала билүү (проскопия) — келечектеги окуяларды көрөгөчтүк менен алдын ала билүүчүлүк;
  • Лозо изилдөөчүлүк (биофизикалык эф­фект деп да аталат) — жардамчы индикатордун жардамы менен (ийилген металл зым, лозо жана башка) жер астындагы суулардын, кендердин, боштуктардын жана башка чогулган жерин табуу;
  • парадиагностика — оорулууну кербей туруп көзү ачыктык менен медициналык диаг­ноз коюу.

Сезимдүүлүктүн ушул бардык формалары экстрасенсордук ка­был алуу деген түшүнүктү билдирет. Тышкы кубулуштарга парапсихологиялык таасир тийгизүүнүн формаларынын классификациясы да бар.

  • Психокинез — адам кыялы менен таасир тийгизиши.
  • Парамедицина — дарылоо методун түшүндүрө албаган парапсихологиянын тармагы (мисалы, оорулууну алыстан дарылоо жана башка).

Индо-европалык маданиятта 1882-ж. пай­да болгон. Кийин ал көп өлкеге тараган. Парапсихологдордун эсеби боюнча 1970-ж. 30 өлкөдө 240тан ашык лаборатория жана коом болгон. Алардын көбүн Эл аралык парапсихологиялык ассоциация (Нью-Йорк) бириктирет. Парапсихологияда бир жагынан мистиктер жана шумпайлар даңазалаган «табияттан тышкаркы» «сый- кырдуу» күчтүү, экинчи жагынан илим али канааттандырарлык түшүндүрө элек реалдуу кубулуштарды айра билүү мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.