Парафраза

Википедия дан

Парафраза (грек. paraphrasis - сүрөттөө, кайталоо) –

1. Белгилүү ырлардын, опералык ария ж. б. обондордун негизинде жаралган аспаптык концерттик (ал көбүнчө фортепьяно үчүн иштелип чыгат) чыгарма. Адатта Парафразагa кирген обондор өтө чоң өзгөрүүлөргө кириптер болот. Ушунусу менен Парафраза транскрипциядан айырмаланып турат. Парафраза өзгөчө 19-кылымда кеңири колдонулган.

2. Жалгыз үндүү обонду полифониялык ыкмада иштеп чыгууну билдирген түшүнүк. 13-14-кылымдарга таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.