Пара амин-фенол

Википедия дан

Пара амин-фенол, амин-гидроксибензол, гидроксианилин —4-амин-1-оксибензолу, аминфенолдун параизомери.

Мол. масс. 109,14. Ак түстүү кристалл, эрүү 1186°С. Ысык сууда, спиртте жакшы эрийт. П. амфотердик касиетке ээ. Күчтүү калыбына келтиргич, абада тез окистенет да, кочкул күрөң түстөгү П. бензо-хинонду пайда кылат. К-та же щелочтор менен кошулуп, туздарды пайда кылат. Өндүрүштө нитробензол же фенолду күкүрт кислотасынын эритмесинде электролиттик калыбына келтирүүдөн алынат. П. жана анын туундулары, мисалы, метол, амидол сүрөт ишинде плёнкаларды чыгарууда, ошондой эле терини күрөң түскө боёодо аралык продукт түрүндө коддо-нулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]