Паркет

Википедия дан

Паркет – полду жабуу үчүн чакан планка түрүндөгү сүрүлгөн жыгач материал; ошондой эле полго салынган жабуунун өзү. Паркет турак жайдын жана коомдук имараттын полуна салынат, ал тышкы көрүнүшүнүн кооздугу, узакка турушу, жылуулукту жана үндү начар өткөрүшү менен айырмаланат. Паркетти даярдоодо жыгачтын катуу сорттору (эмен, бук, кайын ж. б.), ал эми кооз Паркетке баалуу сорттору (жангак, кызыл жыгач ж. б.) керектелет. Паркет дааналай, курама (мозаикалуу), калканча тактай болуп бир нече түргө бөлүнөт. Кир болуудан жана жыртылуудан сактоо үчүн Паркетке мезгили-мезгили менен атайы мастика сүйкөлөт же лакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]