Парнас

Википедия дан
Парнас.

Парнас (Parnasos) – Грекиядагы тоо массиви, Коринф булунунун түндүгүндө. Бийиктиги 2457 м. Акиташ тектеринен турат; кыры аскалуу. Жер ортолук дениздик бадалдар жана ийне жалбырактуу токой өсөт. Байыркы грек мифологиясында Парнасты Аполлон менен музалар мекендеген. Этегинде байыркы грек шаары Дельфы (б. з. 7- кылымдагы архитектуралык эстеликтин калдыгы) жайгашкан. Архгеологиялык музей, улуттук парк бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]