Пародия

Википедия дан

Пародия (гр.— ырга каршы) — сатиралык чыгармалардын бир түрү. Мында пародист кимдир бирөөнүнү чыгармасындагы жарамсыз жактарды алат да, ошол жарамсыз жактарын андан бетер апыртып көрсөтөт. Пародия жазып жаткан автор өзү пародиялап жаткан чыгарманы жакшы өздөштүрүүсү шарт. Атактуу испан жазуучусу Сервантестин «Дон Кихот» романы орто кылымдагы рыцардык романдарды пародиялоо максатында жазылган. Мыкты жазылган пародиялар өздөрү сындап жаткан чыгарманы тууроо менен гана чектелбестен, өзүнчө оригиналдуу чыгарманын деңгээлине көтөрүлүп жетет, жазуучунун өсүшүнө, өзүн-өзү аңдап билишине көмөк көрсөтөт. Кыргыз совет адабиятында пародиялар бар. М. Алыбаевдин, С. Жигитовдун, Т. Самудиновдун пародиялары ага мисал боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]