Паронимия
Көрүнүш
Паронимия (пара... жана грекче onyma – ат, ысым) – сөздөрдүн семантикалык маанилеринин ар түрдүүлүгүнө карабастан, алардын тыбыштык жагынан жакындыгы. «IIаронимия» терминин Аристотель киргизип, бул термин менен жасалма сөздөрдү атаган. Айрым учурда алардын маанилик жактан белгилүү бир катыштыгы бардыгы менен шартталат. Бир сөз түркүмүнө тиешелүү болгон бир унгулуу сөздөр жабык түрдөгү Паронимиялык катарды түзөт.
Дагы кара
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9