Парономазия

Википедия дан

Парономазия (грек. para - жанында жана onomazo - атаймын) - тыбыштык айтылышы боюнча окшоштугу бар сөздөрдү атайылап жакындаштыруу аркылуу жасалуучу стилистикалык ыкма.

Парономазияда тыбыштык жактан кокусунан окшош болуп калган сөздөр, ошондой эле тыбыштык жагы да, маанилик жагы да окшош сөздөр салыштырылат. Парономазия көбүнчө поэзияда, публицистикада колдунулат. Мисалы, «Дарбыздан дарбыган сөз», «Инфаркт: фактылар жана факторлор» (газеталык макаланын аталышы) ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4