Пароход

Википедия дан

Пароход, буу кеме – буу машинасы же буу турбинасы менен жүрүүчү кеме. Турбиналуу Пароход турбоход деп аталат. Пароход буу машинасы ойлоп табылгандан кийин курулуп, 19-кылымдын башында колдонула баштаган. Биринчи Пароходду Түндүк Америкада 1807-ж. Р. Фултон курган. Россияда Пароход 1815-ж. Петербург менен Кронштадттын ортосунда жүрө баштаган. Азыркы кездеги флотто өзү жүрүүчү кемелердин ичинен кенири колдонулуп жаткан тиби – ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчү теплоход.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]