Парсуна

Википедия дан

Парсуна (бузулуп айтылган «персона») – XVI–XVII кылымдын экинчи жарымында Россиядагы портреттик жанр чыгармаларынын аталышы. Ал доордо ак сөөк адамдардын портреттери сейрек кездешүүчү же портретке окшоштукту шарттуу түрдө гана бере алышкан. Ал эми стилисттик өзгөчөлүктөрү боюнча икона тартуу менен тыгыз байланышта болгон, бир жактуулук (плоскостность) жана иконага таандык кооздук сакталып калган. Бизге падыша Федор Иоановичтин, князь Репиндин, князь Скопин-Шуйский жана башка П-сы белгилүү. Адатта П. жумуртка темперасы менен аткарылган. Алгачкы Пётрдук мезгилдеги портреттер (Яков, Тургенев, Нарышкина балдары менен) мына ушул өткөөл жанр – П-нын портретке өтүш мезгилинин мисалдары боло алышат).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]