Партикуляризм

Википедия дан

Партикуляризм (лат. particula - бөлүкчө) - биринчи кезекте жеке жана кичи топтук кызыкчылыктарды коргоого багытталган социалдык жана саясий активдүүлүктүн принциби.

Бул өзгөчө, жеке же топтук максаттарды өзгөчөлөнтүүдө жана куугунтуктоодо байкалат. Партикуляризм - бул ошондой эле мамлекет өзүнчө бир бөлүгүнүн же социалдык жашоонун ар кандай чөйрөсүнүн өз алдынчалыкка умтулуусу. Партикуляризм инсандын юридикалык укуктарын камсыз кылууну, анын этностук автономиясын божомолдойт; бул планда ал - демократиялык өлкөлөрдүн жашоосунун мүнөзүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8