Парциалдык басым

Википедия дан

Парциалдык басым – газ аралашмасынын курамына кирген ар бир газ өз алдынча аралашманын көлөмүнө барабар көлөмдү ээлеп, ошондой эле температурада ээ болгон басым. Газ аралашмасынын жалпы басымы аралашманы түзүүчүлөрдүн айрым парциалдык басымдарынын суммасына барабар. Парциялдык басымдын бир тектүү эместиги газдын диффузия процессинин жүрүшүн, абсорбцияны, эрүүнү жана газ тосмо менен ажыратылган системанын эки бөлүгүнүн ортосундагы газдын бөлүнүшүн аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-