Пассаж

Википедия дан

Пассаж – 1) архитектурада соода-сатык имаратынын бир түрү. Төбөсү айнек менен жабылган кең өткөөлүн эки тарабында катары менен (ярустуу) дүкөндөр жана соода мекемелери жайгашат. П. негизинен Европада XIX кылымдын 2-жарымынан курулган (Миландагы Виктор Эммануил IIнин П.-галереясы, 1865–77, архитектор Ж. Менгони). 2) Музыкада (XVI к-дан) аткарууга кыйын виртуоздук музыкага мүнөздүү болгон ылдам аткарылуучу добуш катарларынын ирет белгиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]