Пассат агымдары

Википедия дан

Пассат агымдары – Дүйнөлүк Океандын Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын тропик жана экватор кендиктериндеги үстүнкү агымдары. Пассат аба агымынын таасиринен пайда болуп, чыгыштан батышка карай агат. Агымдын ылдамдыгы 0,2–1,0 м/сек, чыгымы 45 млн м3сек. чейин. Атлантика жана Тынч океандарында пассат аралык каршы агым менен бөлүнгөн эки чоң агымга (Түндүк жана Түштүк Пассат агымдары) ажырайт. Инди океанында муссон циркуляциясынын таасиринен Түндүк Пассат агымдары кышында гана болуп, жайкысын муссондук каршы агым менен алмашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]