Пассат климаты

Википедия дан

Пассат климаты – пассаттардын таасиринде турган аймактарга мүнөздүү климат. Ага шамалдын бир багытта жана туруктуу согуп турушу, аз булуттуулук жана жаан-чачындын аз жаашы (тоолуу аймактардан башка) мүнөздүү. Жайкы айларда абанын орточо температурасы 20-27°С, кышында 10-15°Сге чейин төмөндөйт. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Пассат климаты өкүм сүргөн кургактыктагы аймактарда тропиктик чөл жана жарым чөл ландшафттары басымдуулук кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]