Пастереллёз

Википедия дан

Пастереллёз (Pasteurellosis) – малдын былжыр челинде жана өпкөсүндө шүүшүндүү сезгенүүлөрдү пайда кылуучу жугуштуу ылаң. 1878-ж. Л. Пастер бул ылаңга каршы биринчи вакцина даярдаган. Ошондуктан кийинчерээк Пастердин урматына бул ылан «пастереллёз» деп аталган. Пастереллёз дүйнөдө кенири таралган ылан. Кыргызстанда да кездешет. Ыландаткычы грам-терс, спора пайда кылбаган, майда, узундугу 0,3–1,25 мкм, туурасы 0,25–0,5 мкм аэробдуу бактерия. Пастереллёз менен үй жана жапайы жаныбарлардын бардык түрлөрү, куштар ыландайт. Адамга да жугат. Тоок жана коёндордо ылаң эпизоотия түрүндө өтүп, бир кыйла кыргынга учуратат. Башка малга караганда жылкы сейрек, бодо мал жана кой ылаңдайт. Жашыруун (букма) мезгили бир нече сааттан 2–3 күнгө чейин созулат. Бардык малда Пастереллёз өтө тез, курч жетилип жана уларып өтөт. Бодо малда ылан өтө курч кармаганда температурасы 41–42°Сге чейин көтөрүлөт жана сепсис пайда болот. Кээде мал клиникалык белгилери билинбестен эле өлүмгө учурайт. Ылаң катуу кармаганда, өзгөчө, жүрөк ишинин бузулушу, септицемия, диарея, конъюнктивит сыяктуу клиникалык белгилер айкын байкалат. Ылаңдаган мал көп учурда 1–2 суткада өлөт. Ылаң өнөкөткө өткөндө малдын өпкөсү жана плеврасы (көөдөндүн ички чели) сезгенет, кырылдайт, тез-тез жөтөлөт. Тамак сиңирүү органдарынын да дартка чалдыкканы байкалат. Ылаң 3 жумага же андан көпкө созулуп, мал тез арыктап, өлүмгө дуушар болот. Кой-козуларда бодо малга караганда оор өтөт. Лабораторияда текшерилип, диагноз коюлат. Ылаңдаган малды өзүнчө бөлүп дарылайт. Ылаңдаган малдын булчуңуна күнүнө эки маал антибиотиктер (сульфаниламид дары-дармектери) сайылат. Пастереллёзго каршы сыворотка, антибиотиктер, сульфаниламид дары-дармектери менен айкалыштырып колдонсо, натыйжалуу болот. Пастереллёз менен ылаңдаган куштарды дарылабайт. Пастереллёзго каршы бир нече вакцина сунушталган. Алдын алуу жана күрөшүүдө ылаң чыккан чарбага (бодо, чочко, кой ж. б.) карантин коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]