Патефон
Көрүнүш
Патефон (французча patehone – добуш) – граммофондук желим табакты (пластинканы) ойнотуп добуш чыгаруучу механикалык-акустикалык аппарат. Алгач Патефон Франциянын Пате фирмасынан чыгарылган. Патефон үндөрдү жазуу, добуштарды чыгаруу (ойнотуу) үчүн колдонулган. 20-кылымдын ортосуна чейин кеңири тараган. Кийин Патефон пайдалануудан чыгып калды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9