Патрицийлер

Википедия дан

Патрицийлер (латынча pater – ата) – адегенде Байыркы Римдин уруу жамааты, плебейлерге карама-каршы турган бардык жергиликтүү калкы, кийин таптык жиктелүүдө уруу ак сөөктөрү. Б. з. ч. 6-кылымдын аягынан Патрицийлер Рим республикасындагы үстөмчүл таптык катмарга айланган. Плебейлер римдиктерге кошулуп, укук жагынан Патрицийлер менен теңелген соң, Патрицийлер менен плебей төбөлдөрү биригип, нобилитетти түзгөн. Империя убагында сенатордук катмардын артыкча укукка ээ катмарын түзгөн жаңы патрициат пайда болуп, ага император сунуш кылгандар гана кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]