Паули Вольфганг

Википедия дан

Паули Вольфганг (немецче Wolfgang Ernst Pauli; 25. 4. 1900, Австро-Венгрия, Вена шаары – 15. 12. 1958, Швейцария, Цюрих шаары) – швейцариялык физик-теоретик. Кванттык механиканы жана талаанын релятивдик кванттык теориясын түзүүчүлөрдүн бири. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1945). Мюнхен университетин бүтүргөн (1921). Цюрихтеги жогорку техникалык окуу жайында (1928) жана Пристон фундаменталдык изилдөөлөр институтунда профессор (1940-46). Жарым спиндүү бөлүкчөлөрдүн абалын мүнөздөөчү принципти ачкан. бета-ажыроонун өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө нейтрондун болушун болжолдуу айткан. Паулиге ядролук күчтөрдүн мезондук теориясы ж. б. боюнча эмгектер таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]