Пахта жыйнагыч машина

Википедия дан

Пахта жыйнагыч машина – ачылган гозо чанагынан пахта буласын бөлүп алуучу машина. Тергич аппаратынын иштөө принцибине карата пневматикалык, механикалык, пневматика-механикалык жана электр-механикалык болуп айырмаланат. Пневматикалык Пахта жыйнагыч машина пахта буласын аба агымы менен сордуруп, үйлөтүп, механикалык түрдүү тиш, кыпчуур, шпиндель, илип алгыч менен пневматика-механикалык аба агымы жана механикалык органдары менен электр-механикалык пахта тергичте түзүлгөн электр талаасынын таасири менен терет. Пахта жыйнагыч машина тулку, тергич аппарат, желдеткич, гозо сабагын өткөргүч, бункер, пневматикалык тергич, тазалагыч, трактордун алдынкы жана арткы дөңгөлөгүн жандагыч, аралыктан башкаруу системасы жана тракторго асма сыяктуу механизмдерден турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]