Пахта тазалагыч
Пахта тазалагыч – машина жана кол менен терилген пахтаны жалбырак, сабак ж. б. чардан тазалоочу машина. Өнөр-жайыда универсал УПХ- 1,5Б маркасы чыгарылган, ал тазаланган пахтаны капсыз (эндей) ташуучу транспортко жүктөйт. Барабандуу типтеги Пахта тазалагыч калактуу, тиштүү, араалуу, тарактуу, щёткалуу жана майдалоочу барабандан, желдеткич сепаратордон, пневматикалык илеп тартуучу жана жүктөөчү жасалгадан, таштанды транспортёрунан, өндүрүмдүүлүгүн жөндөгүчтөн турат. Машинанын иштөөчү органдары үч дөңгөлөктүү алкакка орнотулуп, трактордун кыймылдаткычынан иштейт. Машинанын өндүрүмдүүлүгү тазалануучу материалдын абалына жана түрүнө жараша болот. Пахта тазалагыч Кыргызстандын пахта эгүүчү райондорунун чарбаларында кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9