Педагогикалык басылмалар

Википедия дан

Педагогикалык басылмалар – билим берүү, агартуу, окутуу, таалим-тарбия берүү багытында илимий изилдөөлөрдү, практикалык иш тажрыйбаларды, жогорудагы багыттагы иштерди уюштуруу маселелерин иликтөөлөрдү, кеп-кеңештерди жарыялаган журналдар, газеталар, дагы башка басмасөз каражаттары.

Кыргызстандын тарыхында адегенде 1924-жылдан «Эркин-Тоо», кийин «Ленинчил жаш», «Жаңы маданият жолунда» деген басылмалар атайын элдин сабатсыздыгын жоюу багытындагы кабар, макала, тил үйрөтүү сабактарын берип келсе, 1928-жылдан атайын педагогикалык журнал «Жаңы маданият жолунда» (1932-жылдан «Маданий майдан», 1938-жылдан «Окутуучуларга жардам» деген ат менен чыккан) басыла баштайт. Кыргызстандын педагогикалык басылмаларынын тарыхында «Мугалимдерге жардам», «Эл агартуу», «Русский язык и литература в киргизской школе», «Мектеп» журналдарынын, «Мугалимдер газетасынын» (азыркы «Кутбилим») мааниси чоң болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,