Педагогикалык кеңеш

Википедия дан

Педагогикалык кеңеш - мектепти коллективдик башкаруу органы.

Педагогикалык кеңештин составына: мектептин директору, анын орун басарлары, мектептин бардык педагогдору, китепканачы, мектеп врачы, ата-энелер советинин председатели кирет. Педагогикалык кеңештин председатели болуп мектептин директору эсептелет. Педагогикалык кеңештин мүчө-лөрү талкууланып жаткан суроолорду чечүүдө бирдей укуктарга ээ; чечим ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат ж-а мектептин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө болот. Педагогикалык кеңеште белгилүү убакыт ичиндеги мектептин иштери ж-дөгү администрациянын отчету каралат, мугалимдердин иштери ж-дө докладдар ж-а билдирүүлөр талкууланат. Андан сырткары педагогикалык кеңеште төмөнкү маселелер каралат: окуучулардын билими, тартиби, сабакка катышуусу, аларды кийинки жылга көчүрүү, мектепти бүтүрүү, сыйлыктарды тапшыруу, мектептен чыгарып салуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6