Педагогикалык көргөзмө

Википедия дан

Педагогикалык көргөзмө – алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуунун формасы. Педагогикалык көргөзмө – билим берүү тармагында жана педагогика ишиндеги жетишкендиктер көрсөтүлөт; окутуунун жана тарбиялоонун натыйжалуу методдору, новатор педагогдордун жана алдыңкы мектептердин иштеринин системасы пропагандаланып, көргөзмө куралдардын, окуу-лабораториялык жабдуулардын жаңы үлгүлөрү, программалар, окуу методикалык адабияттар жана башккалар демонстрацияланат.

Педагогикалык көргөзмө төмөндөгүдөй бөлүнөт:

1. Деңгээлине жараша (мектепте, райондо, областа, республикада);

2. Узактыгына жараша (туруктуу, убактылуу жана көчмө).

Педагогикалык көргөзмө Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, билим берүү бөлүмдөрү, агартуу кызматкерлеринин профсоюздук комитеттери, билим жана тарбия берүүчү мекемелер тарабынан уюштурулат. Педагогикалык көргөзмө уюштурганга чейин алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү менен экспозиция үчүн материалдар жыйналат. Көргөзмөгө ар түрдүү документалдык материалдар, методикалык колдонмолор, методикалык адабияттар жана башка материалдар коюлат. Ошондуктан экспозиция үчүн конкреттүү жана көргөзмөлүү материалдарды тандоо керек. Материалдардын ар түрдүүлүгү анын ишенимдүүлүгүн көрсөтөт. Педагогикалык көргөзмө экспонаттарга жана документтерге кыскача текст түрүндө түшүндүрмө берилет.

Бүгүнкү күндө эл аралык Педагогикалык көргөзмө уюштурулуп, анда ар түрдүү өлкөлөрдө элге билим берүү маселесинин өнүгүшү, окутуунун жана тарбиялоонун проблемаларын чагылдырган экспонаттар демонстрацияланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,