Педагогикалык тажрыйба

Википедия дан

Педагогикалык тажрыйба – инитардагы, университеттердеги окуу процессинин составдык бөлүгү. Келечек мугалимдерде педагогика илимдер жаатында илим-изилдөө иштерине кызыгуусун өнүктүрөт. Педагогикалык тажрыйбанын максаты студенттерди бардык предметтерди, педагогика, психологияны үйрөнүүдө алган илимий-теориялык билимдерин жана практикалык машыгууларын педагогикалык ишмердигине чыгармачылык менен пайдалана алууга үйрөтүү.


Жайкы педагогикалык тажрыйбасын студенттер балдар лагеринде, окуучулардын бригадаларында, окуу-тажрыйбалык чарбаларда тарбиячы-жетекчи катары өткөрүшөт. Төмөнкү курстардын студенттерин Педагогикалык тажрыйбага даярдоо максатында балдар лагерлеринде практика башталар алдында факультативдик практикумдар (көркөм окуу, ырдоо, оюндар, бийлер, өлкө таануу, ден соолукту чыңдоо жана массалык спорттук иштер, моделдештирүү жана башкалар боюнча) жана ийримдик сабактарды (окуудан сырткаркы убактарда) өткөрүү каралган. Педагогика кафедрасы, дене тарбия кафедрасы менен тажрыйбалык түрдө тааныша ала турган семинарларды уюштурушат.

Бүтүрүүчү курстардын студенттери педагогикалык тажрыйбанын мугалимдердин август кеңешмесинин башталар алдында жөнөтүлөт. Анткени алар мектепке иштөөгө даярдануулары керек. Бул үчүн алар класс жетекчилер менен бирдикте окуу ишинин жана тарбиялык иштердин планын түзүүлөрү керек. Педагогикалык тажрыйбанын биринчи жумасы мектеп, класс менен таанышуу жана окуучулар менен тарбиялык иштерди уюштурууга арналат. Андан соң методист же мугалимдин жетекчилиги менен практиканттар мектепте ар кыл типтеги зачеттук сабактарды өткөрүшөт. Калган убакытта практиканттар өз алдыларынча окуу жана тарбиялык иштерди (класс жетекчисинин жана мугалимдин планына ылайык) жүргүзүшөт.

Бардык факультеттердин жогорку курстарынын студенттери психология боюнча тажрыйбаны өтөт. Психология кафедрасынын мугалимдери студенттердин сабактарына психолого-педагогикалык талдоо жасашат. Педагогикалык тажрыйбаны өткөрүү процессинде мектептин же окуу-тарбиялык мекемелердин бардык турмушу камтылат, педагогикалык жамааттын иши, ийримдер жана ата-энелер менен иштөө да үйрөнүлөт. Методикалык проблемаларды өздөштүрүү үчүн практиканттар мектептеги предметтик комиссиянын, мектептер аралык методикалык бирикменин ишине катышат. Жогорку курстардын студенттерине Педагогикалык тажрыйбанын материалдары боюнча курстук, дипломдук иштерди даярдоого тапшырма берилет.


Педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыгында жогорку курстун студенттери педагогикалык тажрыйбанын күндөлүгү тиркелген отчетту, зачеттук сабактын же класстан тышкаркы иштердин конспектисин, окуу колдонмону көрсөтүшөт. Педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыгы мектепте мугалимдер, завуч, директор, методисттер, педагогика, психология кафедрасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы акыркы конференцияда талкууланат. Педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыгында мектептин практикантка берген мүнөздөмөсүн эсепке алуу менен ар бир практикантка баа коюлат. Педагогикалык тажрыйбанын учурундагы студенттин иши жараксыз деп табылса, анда ал практиканттардын жетекчисинин айтуусуна ылайык тажрыйбаны бүтүндөй же жарым-жартылай кайрадан өтүүсү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,