Педагогикалык такт

Википедия дан

Педагогикалык такт – мугалимдин өз педагогикалык ишмердигинде, окуучулар, балдар менен болгон мамиледе ченем принцибин сакташы, окуу-тарбия ишинде балдарга ыгын таап туура мамиле жасай билүү, кылдаттык менен табылган педагогикалык каражат-ыкмалар аркылуу окуучуларга таасир көрсөтүү чеберчилиги.

Педагогикалык такт негизи - педагогдун балдардын психологиясын терең билүүсү жана окуучуга индивидуалдуу мамиле жасоо жөнүндөгү педагогикалык жобого кеңири түшүнүүсү. Педагогикалык такт мугалимдин түрдүү кырдаалдарда, окуучунун көңүл маанайын, оюнун багытын кылдаттык менен баамдап, ошого жараша мамиле жасап, баланын тилин таап, окуу-тарбия процессинде оң натыйжага жетишинен көрүнөт.

Мугалим окуучулар менен алака-катышта аларга акыл-эстүү талаптарды коюп, ошону менен катар сылык-сыпаа болуп, өзүн аяр кармай билиши керек. Ар бир окуучунун, тарбиялануучунун жекече кыял-жоругун, индивидуалдуу өзгөчөлүгүн, жашоо шартын эсепке алуу менен жасалган кылдат, мээримдүү, камкор, жапакеч мамиле, конфликттүү кырдаалдарда сезим ченемин сактап, сабырдуу туруп, өзүн окуучунун ордуна коюп, маселеге баланын көзү менен карай билүү жана карама-каршылыкты ийкемдүү айла-амалдар менен чече билүү искусствосу – ийгиликтин ачкычы. Авторитардык-буйрукчул мамиле бала менен педагогдун ортосунда гармонияны эмес, дисгармонияны жаратат.


Педагогикалык такт – мугалимдин профессионалдык сапат-касиети, анын педагогикалык чеберчилигинин бир кыры. Мындай сапат педагогдун чаалыкпаган эмгегинин, изденүүлөрүнүн, бул багыттагы атайын илим-билимди терең үйрөнүүсүнүн, өзүн өзү кайрап-бүлөп өстүрүүсүнүн натыйжасы. Окуучуга жакын болуу, ага мээримдүү, жапакеч мамиле жасоо, аны ыгы жок эркелетүү, тең ата болуу деген сөз эмес. Балага гумандуу мамиле жасап, ошону менен катар ага талап коё да билүү керек. Окуучуга ишеним көрсөтүү, ага «оптимисттик гипотеза» (Макаренко) менен карай билүү, анын кишилик ар намысын урматтоо, маданияттуу, сылык жүрүм-турум, мамиле этүүнүн демократиялык стили, түркүн кырдаалда учурдун, моменттин өзгөчөлүгүн бурчатпай туюп, керектүү тоналдуулукту кармай билүү – педагогдун окуучулар арасындагы атак-аброюнун, авторитетинин булагы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,