Педагогикалык эксперимент

Википедия дан

Педагогикалык эксперимент – окуу-тарбия иштери б-ча атайын түзүлгөн же изилдөөчү тарабынан көзөмөлдөнүп турган шарттагы илимий негизде жүргүзүлгөн тажрыйба. Педагогикалык эксперимент – пед. кубулуштардын себеп-натыйжа байланыштарын үйрөнүү максатын көздөгөн изилдөөчү ишмердүүлүк.

Педагогикалык экспериментти өткөрүлүш шарты б-ча табигый (кадимки билим берүү процесинин шартында) ж-а лабороториялык (атайын жасалма шарттарды түзүү, мис., бул же тигил методдун натыйжалуулугун текшерүү максатында айрым окуучуларды башкалардан бөлүп алуу) деп бөлүүгө болот. Педагогикалык эксперимент өткөрүлүш максаты б-ча констатациялоочу (проблеманын практикалык абалын аныктоого багытталган), изденүүчү (жумушчу гипотезанын тууралыгын чакан чөйрөдө текшерүүгө багытталган), текшерүүчү же калыптандыруучу (алынган теориялык тыянактардын тууралыгын, иштелип чыккан методикалык эффективдүүлүгүн текшерүүгө багытталган) деген түрлөргө да бөлүнөт.

Педагогикалык эксперименттин түрлөрү адатта бири-биринен обочолонбой, тескерисинче, үзгүлтүксүз удаалаштыкта колдонулат. Көпчүлүк учурда салыштыруу жүргүзүү үчүн эксперименттик ж-а контролдук класстар (группалар) тандалып алынат. Эксперименттик тыянактардын ишенимдүүлүгү эксперименттин шарттарын сактоодон түздөн-түз көз каранды болот. Эксперимент жүргүзүүдө текшерилүүчү факторлордон башкалары толугу м-н теңдештирилүүгө тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6