Педаль

Википедия дан

Педаль (лат. pedalis – бутка ылайыкталган) – 1) музыкалык аспапта ойноодо буттун жардамы менен башкарылуучу тетик. Ал атайын кооздуктарды алуу, күүгө келтирүү, үйлөө (мисалы, фисгармония) ж. б. үчүн пайдаланылат; 2) органдын бут менен ойнолуучу клавиатурасы; 3) көпкө кармалуучу, созулуучу добуш. Адатта Педаль добуштун фонунда чыгарманын башка добуштары анын мазмунуна карата өзгөрүлүп турат; 4) оркестрлештирүү ыкмасы. Ал адатта узак созулган добуштун, үндөштүктөрдүн фонунда ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]